Түштүк Кореянын Кванжу университети менен келишимге кол коюлду

Башкы Жаңылыктар

Түштүк Кореянын Кванжу университети менен келишимге кол коюлду

Image

Түштүк Кореянын Кванжу университети менен ОшМУнун ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду. Кол коюу аземи Кванжу университетинде өтүп, ага ОшМУнун тышкы байланыштар боюнча проректору Курсант Аттокуров,  Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин директору Дилмурат Турсунов,  директордун окуу жана илимий иштер боюнча орун басары Дамира Акматова, университеттин аккредитация жана лицензиялоо секторунун башчысы Кулсара  Султановалар катышышты.

Кванжу университети менен түзүлгөн келишимде академиялык мобилдүүлүк, окутуучулардын тажрыйба алмашуусу, конок лекцияларды, мастер-класстарды уюштуруу, эл аралык долбоорлорду, илимий изилдөөлөрдү биргеликте жүргүзүү, кош дипломдуулук программаларын иштеп чыгууга багытталган кызматташтыктар камтылган.

Делегация иш сапардын алкагында  Пусан университетинде да болушуп,  академиялык мобилдүүлүк боюнча аймак таануу адистигинде билим алып жаткан ОшМУнун студенттер менен да жолугушуп, пикир алышты.

Эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын  кызматташтыктарын бекемдөөнү максат кылган иш сапар окуу жайдын Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин жетекчилиги тарабынан демилгеленген. Иш сапар 21-январдан 27-январга чейин уланып, делегация Түштүк Кореянын жогорку окуу жайларында байланыштарды кеңейтүү багытында жолугушууларды өткөрүшөт.

Фото галерея