ОшМУ 85 жылдык мааракесин белгилейт

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ 85 жылдык мааракесин белгилейт

Image

Университеттин 85 жылдык мааракесине байланыштуу өткөрүлүүчү иш чаралардын пландарын талкуулоо үчүн ректор Кудайберди Кожобеков ректораттын курамы, кесиптик бирлиги менен биргеликте жыйын өткөрдү.

Жыйында мааракелик иш-чараны өткөрүүнүн уюштуруу тобу, жумушчу тобу бекитилип, окуу жайдын 85 жылдык мааракесине арналган иш-чаралардын планы боюнча тиешелүү структура жетекчилерине тапшырмалар берилип, милдеттер коюулду.

ОшМУнун 85 жылдык мааракеси 2024-жылдын 31-майда Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондо салтанаттуу белгиленет.

Мааракеге карата  “ОшМУ сүрөтчөлөрдүн көзү менен”, “Ырдайлы кыргыз ырларын” конкурстары, казак-кыргыз айтышы, журналисттердин, бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын форумдары, республикалык стартап конкурстар, эл аралык конференциялар, ойлоп табуучулардын сынактары, спорттук мелдештер өтөт. Андан сырткары ОшМУнун 85 жылдык тарыхын чагылдырган даректүү тасма тартылат.

85 жылдык мааракесин  белгилеп жаткан ОшМУнун башаты 1939-жылда ачылган Ош мугалимдер институтунан башталат.  1951-жылы Ош мугалимдер институту-Ош педагогикалык институту болуп өзгөртүлүп, 1992-жылы Ош мамлекеттик университети болуп кайра түзүлгөн.

Фото галерея