ОшМУнун футзалчылары Суперлиганын болжолдуу баскычынын жеңүүчүсү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун футзалчылары Суперлиганын болжолдуу баскычынын жеңүүчүсү

Image

27-январда Суперлиганын алдын ала турунун финалдык беттештери өттү. Анда ОшМУнун “Университет” кичи футбол командасы  Суперлиганын 2-айлампасында “Спорткомитет” командасын 13:7 эсебинде жеңди. Муну менен команда лидерлик позициясын экинчи жолу ишенимдүү сактап, жарым финалга жолдонмо алды. 
Учурда команда жалпы эсеп боюнча 31 упай менен Суперлиганын сап башында бара жатат. 
Плей-офф баскычынын беттештери Бишкекте 12-февралда башталат.
Буга чейин «Университет» кичи футбол командасы түштүк аймагы боюнча өткөн Кыргыз Республикасынын Кубогунда жалпы жыйынтык боюнча жарым финалга жолдонмо алган. 
Команда өлкөнүн тарыхында университет алып чыккан жалгыз команда болуп саналат. 
ОшМУнун футзалчылары алгачкы жолу 2022-жылы Суперлигада оюн көрсөткөн.

Фото галерея