Билим берүүгө каралган каражаттардын динамикасы өстү

Башкы Жаңылыктар

Билим берүүгө каралган каражаттардын динамикасы өстү

Image

Акыркы үч жылда билим берүү тармагына мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп, билим берүүгө каралган каражаттардын динамикасы өстү. Алсак, 2021-жыл билим берүү жана илим тармагын каржылоо үчүн 40,7 млрд. сом бөлүнүп, ички дүн продукциянын 5,6 % ын түзгөн. 2022-жылы – 63,2 млрд. сом же ички дүн продукциянын 6,9 % ы, ал эми 2023-жылы – 75,8 млрд. сом же ички дүң продукциянын 7 % ы.

Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдагы бюджетинин 38,6 млрд сому

мектеп, интернаттар, балдар үйлөрүнө жумшалды.

Ал эми калган багыттар боюнча чыгымдар:

  • Бала бакчаларга  – 7,8 млрд сом;
  • Башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарына – 2,2 млрд сом;
  • Орто кесиптик билим берүү уюмдарына -  788,3 млн.сом;
  • Жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына – 12,9 млрд сом;
  • Илим уюмдарына – 220,4 млн.сом;
  • Башка тармактагы уюмдарга – 3,0 млрд сом

https://edu.gov.kg/posts/2484/