Медицина факультетинин студенти эл аралык олимпиадада байгелүү орунду ээледи

Башкы Жаңылыктар

Медицина факультетинин студенти эл аралык олимпиадада байгелүү орунду ээледи

Image

Өзбекстандын Бухара мамлекеттик медициналык университетинде  IV Эл аралык жогорку медициналык окуу жайларынын студенттеринин арасында олимпиада өттү. Олимпиадага Кыргызстандан ОшМУнун медицина факультетинин студенти Гулчехра Арибжанова жана Орусиянын, Казакстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын 300дөн ашуун студенти катышты.  
Олимпиада медицинанын 42 багыты боюнча өткөрүлдү.  Анда медицина факультетинин студенти Гулчехра Арибжанова “Балдар ооруларынын пропедевтикасы" (Пропедевтике детских болезней) дисциплинасы боюнча катышып, 50гө жакын студенттин ичинен 2-орунду ээлеп, II даражадагы диплом менен сыйланды. 
Учурда Гулчехра Арибжанова медициналык факультеттин  "педиатрия" адистигинде 3-курста билим алат. Студентти олимпиадага медицина факультетинин доценти Курсанбек Турдубаев даярдап, жетектеп барган.
Олимпиаданын алкагында доцент Курсанбек Турдубаев Бухара мамлекеттик медициналык университетинде  "Педиатрия", "Балдар ооруларынын пропедевтикасы" кафедраларынын  окуу-методикалык иштерине катышты.
Аны менен катар эле студенттерге 36 саат өлчөмүндө "Балдар ооруларынын пропедевтикасы" предмети боюнча практикалык сабак жана конок  лекцияларды окуп, сертификатка ээ болду.

Фото галерея