Профессор Букарбай Иметов дүйнө салды

Башкы Жаңылыктар

Профессор Букарбай Иметов дүйнө салды

Image

Букарбай Иметов
            (05.01.1951 – 02.02.2024)

Кыргыз маданияты, билим берүүсү оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, педагогика илимдеринин кандидаты, профессор Букарбай Иметов 73 жаш курагында күтүүсүздөн дүйнөдөн кайтты.

Букарбай Иметов 1951-жылы 5-январда Ош обулусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Ак-Булак айылында төрөлгөн. 1966-жылы Ноокат районундагы Карл Маркс атындагы орто мектебин, 1966-68-жылдары Кызыл-Кыя шаарындагы №2- кесиптик техникалык окуу жайын аяктаган. 

 1968-70-жылдарда Ноокат районуна караштуу Тельман кохозунда курулуш бригадасында эмгектенген. 1970-72-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

 1972-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыкалык педагогикалык факультетине кирип, 1976-жылы музыка мугалими кесибине ээ болгон.

1976-жылы Ош педагогикалык институтунун музыка факультетинде лаборант, ага лаборант болуп эмгек жолун баштаган.

1984-88-жылдары Москвадагы В.И.Ленин атындагы педагогикалык институтунда стажер, аспирант болуп эмгек жолун улаган.

1988-жылы Москвадагы В.И.Ленин атындагы педагогикалык институтунун жогорку мектептин педагогикасы жана психологиясы кафедрасында кандидаттык диссертациясын коргоп, педагогикалык илимдердин кандидаты илимий даражасына ээ болгон.

Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун (азыркы ОшМУнун)  музыкалык педагогикалык факультетин аяктаган профессор Букарбай Иметов окуу жайда лаборант, окутуучу, доцент, кафедра башчы, декан, ОшМУнун тарбия иштери боюнча проректору, университеттин профсоюз комитеттинин төрагасы кызматтарын аркалап, университеттин өсүп-өнүгүүсүндө опол тоодой эмгектерди жасаган. Учурда Искуство факультетинин музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы жана хорду дирижерлөө кафедрасында эмгектенип, окутуучуларга, студенттерге улуу устат катары насаат кебин айтып, жол көрсөтүп устаттык улуу жолду улап келе жаткан.

ОшМУ менен тагдырлаш болуп 50 жылдан ашуун өмүрүн окуу жайга арнаган агай  «Кыргыз музыкасынын тарыхы», «Манас жана музыка» предметтеринин программасын түзүп, басмадан чыгарган, 30дан ашуун илимий макалалардын автору. Жалпы билим берүүчү мектептер үчүн 4-класстын «Музыка» окуу китебин түзүп, басмага сунуштаган. "Сендейди биз кайдан гана табабыз", "Тамаша", "Кыргыз –Атам" аттуу илимий популярдуу, сатиралык жана адабий көркөм китептерди жазган.  “Ырыспай” аттуу 6 томдук китептин авторлорунун бири.

Билимге, илимге кошкон зор салымы үчүн бир топ мамлекеттик сыйлыктарга ээ болгон.

Өмүрлүк жубайы менен бир кыз, эки уулуна татыктуу тарбия беришти. Үй-бүлөдө камкор ата, шакирттерине үлгүлүү устат, өнөргө өрнөк инсан болчу. Агайыбыздын эмгектери  окуучуларына кемибес казына, көөнөрбөс мурас болуп кала бермекчи. 

Устат агайыбыздын жаркын элеси аны менен бирге иштеген кесиптештеринин, окуткан студенттеринин, окуучуларынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

Букарбай Иметов агайдын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына терең көңүл айтуу менен аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

   ОшМУнун ректораты, Кесиптик кошуну,  профессордук-окутуучулук жамааты, студенттер.