ОшМУда поэзия майрамы

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда поэзия майрамы

Image

Ош шаарында поэзия күндөрүн өткөрүп жаткан эл аралык "Нурборбор" чыгармачылык академиясы бүгүн ОшМУда болушту. Алгач окуу жайдын Медицина,  Эл аралык медицина, Искусство, Кыргыз-кытай факультеттериндеги,  окуу жайдын  алдыңкы тажрыйба борбору болгон Индустриалдык-педагогикалык колледжиндеги билим берүүгө түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Окуу жайда өтүп жаткан кечени ОшМУнун дистанциондук билим берүү технологиялар менен иштөө боюнча проректору Таасилкан Жумабаева ачып, академиянын 20 жылдык мааракесине менен куттуктады.

 Кечеге КРдин Эл акыны Сагын Акматбекова, Жазуучулар союзунун төрагасы, акын Нурлан Калыбеков, белгилүү акын Калчоро Көкүлов конок катары катышууда.

Поэзия майрамында "Нурборбор" чыгармачылык академиясынын жаш акындары ыр окушту. Кече обондуу ырлар менен коштолду.

 Поэзия сүйүүчүлөр белгилүү акындар  Сагын Акматбекова, Нурлан Калыбеков, Калчоро Көкүловдун жана Ош шаарындагы акындардын  ырларын угуп, кеп-кеңеш алышты.

Ош шаарында өтүп жаткан поэзия  майрамы Ош облустук жазуучулар союзу, “Жигер” чыгармачыл жаштар борбору тарабынан уюштурулду.

Фото галерея