Кыргыз Википедиясын өнүктүрүүгө багытталган окутуу семинары жүрүп жатат

Башкы Жаңылыктар

Кыргыз Википедиясын өнүктүрүүгө багытталган окутуу семинары жүрүп жатат

ОшМУда “Кыргыз Википедиясын тутумдуу өнүктүрүү" аталышындагы окутуу семинары өтүп жатат. Аталган семинарга  окутуучулар, студенттер катышууда.

Дүйнөдө 300дөн ашуун тилде макалалар жарыяланган энциклопедия тутуму болуп саналган Википедиянын кыргыз тилиндеги бөлүгү 2002-жылдын 3-июнь күнү  ачылган. Кыргыз Википедиясы күнүнө 20 000 ден ашуун, айына 1,5 млнго чейин окулат.

Билим берүүдө, кыргыз тилин, кыргыз маданиятын өнүтүрүүдө жакшы курал болуп саналган википедияда учурда кыргыз тилиндеги макалалардын аздыгы өкүндүрөрүн айткан уюштуруучулар окутуу семинардын алкагында ушул көйгөйдү чечүүгө салым кошуу зарылдыгын белгилешет.

Окутуу семинарынын алкагында факультет, колледждерден келип катышып жаткан студенттер тарабынан окуу жайдын тарыхы, эмгектенген  илимпоздордун өмүр баяндары, ишмердүүлүктөрү даярдалып, википедияга киргизилип баштайт.

Окуу семинарын ОшМУ Кыргыз Википедиясы менен биргеликте уюштурду. Эки күнгө пландаштырылган семинар бүгүн 7-февралда жыйынтыкталат.

Фото галерея