Эки элдин достугун жана маданиятын жайылтууга арналган адабий кече уюштурулду

Башкы Жаңылыктар

Эки элдин достугун жана маданиятын жайылтууга арналган адабий кече уюштурулду

Image

ОшМУда  “Алишер Навои жана Захириддин Мухаммад Бабур – улуттар аралык достукту жана маданиятты жайылтуунун жарчысы” аттуу адабий-музыкалык кече болуп өттү. Адабий кече  Кыргызстан менен Өзбекстандын  ортосундагы адабий жана маданий байланыштарды бекемдөөгө жана ОшМУнун  85 жылдык мааракесине арналып уюштурулду   

Ага Өзбекстандын Ош шаарындагы башкы консулу Зафарбек Ахмедов,  адабиятчы, Чынгыз Айтматов атындагы эл аралык академиясынын академиги, Өзбекстан-Кыргызстан достук жамаатынын башчысы Зухриддин Исамиддинов баштаган өкүлдөр, окуу жайдын жамааты катышты.

Ректор Кудайберди Кожобеков  “Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Өзбекстандын маданий, гуманитардык, алмашуу жаатындагы байланыштары мамлекеттик деңгээлде бекемделип  жатат. Аны менен катар ОшМУ Өзбекстандын 40тан ашуун жогорку окуу жайлары менен кызматташып келүүдө. Биздин окуу жайдын окутуучулары, студенттери Өзбекстандын ЖОЖдорунда,  Өзбекстандын ЖОЖдорунан келген окутуучулар, студенттер ОшМУдан билимдерин өркүндөтүп, тажрыйба алмашууда. Өзбекстандагы  Алишер Навои атындагы Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университетинде ОшМУнун Чыңгыз Айтматов атындагы “Кыргыз тили жана маданияты” борбору иш алып барса, ОшМУда аталган университет менен биргеликте ачылган "Өзбек тили жана маданияты" борбору ишмердүүлүүн жүргүзүп, эки элдин достук мамилелерин чыңдоого салым кошууда. Бүгүнкү уюштурулуп жаткан адабий кечени эки борбордун биргеликте жасаган иш аракетинин натыйжасы катары бааласак да болот”, -деди.

Иш-чаранын алкагында  Алишер Навои жана З.М.Бабурдун кыргыз адабиятындагы орду, эки элдин достук алакасы боюнча баяндамалар окулду.

Кеченин жүрүшүндө М.Бабур атындагы өзбек академиялык драм театрынын классикалык ансамблинин күүлөрү жаңырып, студенттер тарабынан ыр-бийлер тартууланып, Бабурдун, Навоинин газалдарынан жана рубаилеринен үзүндүлөр көркөм окулду.

 

Фото галерея