Жогорку окуу жайларына тапшырган абитуриенттер кыргыз тилинен милдеттүү түрдө тест тапшырат

Башкы Жаңылыктар

Жогорку окуу жайларына тапшырган абитуриенттер кыргыз тилинен милдеттүү түрдө тест тапшырат

Image

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирип, тиешелүү буйрук 7-февралда чыкканын кабарлады. Ага ылайык мындай талап бардык окуу жайларына тиешелүү. 
 
Бул мамлекеттик тил боюнча тест абитуриенттин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктайт жана жогорку окуу жайларына тапшырууда сынактын жыйынтыгына таасирин тийгизбейт
 - деп айтылат маалыматта. 
 
Эгерде абитуриент мамлекеттик тил боюнча тест тапшырбаса, анда жалпы республикалык тестирлөөнүн негизги жана предметтик тесттердин жыйынтыгы берилбейт. 
 
Министрлик 2023-жылдын 17-июлунда кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзам боюнча башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында кирүү жана бүтүрүү экзамендери киргизилгенин эскертти. 
 
Былтыр 17-июлда президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Эл алдындагы расмий иш-чаралар да мамлекеттик тилде өткөрүлөт.

 

Булак: "Азаттык" радиосу