Кыргызстандын Индиядагы жана Шри-Ланкадагы элчиси чыгыш таануучуларга конок лекция окуду

Башкы Жаңылыктар

Кыргызстандын Индиядагы жана Шри-Ланкадагы элчиси чыгыш таануучуларга конок лекция окуду

Image

ОшМУнун чыгыш таануу институтунда Кыргыз Республикасынын Индия Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу жана Шри-Ланкадагы (айкалыштыруу менен) элчиси Аскар Бешимов конок лекция окуду.

Онлайн форматта уюштурулган конок лекция "Кыргызстандын эл аралык саясаттагы орду" деген темада болду. Ага институттун студенттери, магистранттары, докторанттары жана профессордук-окутуучулук курамы катышты.

“Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү элчилери менен үзгүлтүксүз Чыгыш таануу институтунда конок лекциялар уюштурулуп келе жатат.  Лекцияларда  дипломатиялык мамилелердин тарыхы, учурдагы абалы жана келечеги, Кыргызстандын эл аралык саясаттагы орду тууралуу маалыматтар берилүүдө”,-деди Чыгыш таануу институтунун директору Жолдошбек Бөтөнөев.

Элчи Аскар Бешимов студенттерди чет тилдерин үйрөнүүгө чакырып, тил билүү менен чет өлкөлөргө чыгып, окуп жана иштеп келүү мүмкүнчүлүгү жогоруларын кошумчалады.  Лекциянын алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу сунуштары боюнча пикирлер айтылды.

Фото галерея