Окутуучулар педагогикалык чеберчилигин  жогорулатышты

Башкы Жаңылыктар

Окутуучулар педагогикалык чеберчилигин  жогорулатышты

Image

Медициналык факультетинин фармацевтикалык химия жана дары каражаттарынын технологиясы кафедрасынын 19 окутуучусу педагогикалык чеберчиликти жогорулатуу курсунан өттү. Окуу курсу 2024-жылдын 15-январынан 2-февралына чейин онлайн форматында болду.

Окутуучулар квалификацияны жогорулатуу курсунун алкагында  окутуунун заманбап ыкмалары, окуу процессинде электрондук ресурстардын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу, кредиттик технологиялардын негизинде окутууну уюштуруу көндүмдөрү менен таанышып, өздөштүрүштү.

Муну менен катар курстун катышуучулары педагогика, психология, сынчыл ой жүгүртүү, педагогикалык этика, риторика, сүйлөө техникасы, интерактивдүү компьютердик технологиялар, маалыматтык коммуникация программалары боюнча керектүү билимдерди алышты.

Жыйынтыгында окутуучуларга  132 саттык сертификаттар  тапшырылды. Окутуу Кыргыз улуттук университетинин адистери тарабынан уюштурулду.