Өзбекстан улуттук университети колдонмо геодезия багытында тажрыйба алмашат

Башкы Жаңылыктар

Өзбекстан улуттук университети колдонмо геодезия багытында тажрыйба алмашат

Image

ОшМУга иш сапары келген Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университетинин география жана ГИС факультетинин деканы Шавкат Шарипов жетектеген делегация ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен жолугушту.

Жолугушууда эки университеттин кызматташуу келишимдери, студенттердин академиялык мобилдүүлүгү, профессордук-окутуучулук курамдын тажрыйба алмашуусу, биргеликте илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү багыттары жакшы жолго коюлгандыгы белгиленди. Эки тараптуу кызматташуу келишимине толуктоолорду киргизүү менен жаңылоо сунуштары айтылды.

Делегация 20-февралда ОшМУнун Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар  факультетинин колдонмо геодезия программасына конок лекцияларды окушат. Ал эми 21-февралда ОшМУда колдонмо геодезия программасы үчүн PhD докторантура, аспирантура ачуу, Scopus, Web of Science, РИНЦ илимий  журналдарынага макалаларды жарыялоо, заманбап илимий долбоорлорду иштеп чыгууга багытталган талкууга катышат.

“Буга чейин Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университетинде конок лекция өтүп, тажрыйба алмашып келгенбиз. Аталган окуу жайда ГИС программасы, космикалык геодезия дисциплиналары жакшы өнүгүптүр. Биздин окуу жайга келген делегация ушул багытта өздөрүнүн билимдери, тажрыйбалары менен бөлүшүп, конок лекцияларды окушат. Андан сыртары республикабызда 22-февраль күнү белгиленип келе жаткан Геодезия жана картография кызматкерлеринин күнүнө арналып уюштурулган иш-чарабызга катышат. Аталган иш-чарага өндүрүштө иштеп жаткан бардык бүтүрүүчүлөр да чакырылган”,-деди колдонмо геодезия программасынын жетекчиси, тех.и.к, доцент Динара Абжапарова.

Фото галерея