ОшМУда адам органдарын алмаштыруу боюнча операциялар жасалат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда адам органдарын алмаштыруу боюнча операциялар жасалат

2024-жылдын май айында ОшМУнун медициналык клиникасында боор алмаштыруу боюнча алгачкы операцияны жасоо пландалууда. Операция Түркиянын Инөнү (İnönü) университетинин Тургут Озал атындагы клиникасы  менен  биргеликте жасалат.

Мындай маалымат Түркиянын Инөнү (İnönü) университетинин ректору Ахмет Кизилай баштаган делегация өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Алиевдин  ОшМУга болгон иш сапарынын алкагында айтылды. 

Коноктор ректор Кудайберди Кожобеков менен жолугуп, кишинин боор, бөйрөк  жана  баш сөөгүн алмаштыруу операцияларын ОшМУнун клиникасында жасоо боюнча сүйлөшүштү.

Инөнү (İnönü) университетинин Тургут Озал атындагы клиникасынын дарыгерлери жыл бою ОшМУнун медициналык клиникасындагы операцияларды  жасоого катышат жана тажрыйбасы менен бөлүшөт.

Жолугушууда Инөнү (İnönü) университетинин ректору Ахмет Кизилай алдыда студенттердин, окутуучулардын  академиялык мобилдүүлүгү, тажрыйба алмашуу, медицинадан башка багыттар боюнча да тыгыз кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Делегация өкүлдөрү медициналык клиниканын биохимиялык,  клиникалык жана цитологиялык лабораториясы, санариптик флюорография кабинети, ультра диагностикалык изилдөө  кабинети, жандандыруу жана операциялык обочо жана кардиохирургия  бөлүмдөрү менен таанышты. Ошондой эле медициналык факультеттердеги окуу-илимий лабораториялык комплексттерин көрүштү.

Буга чейин ОшМУнун медициналык клиникасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы профессор, врач-хирург, онколог Жанек Белеков баштаган 10 адис Инену университетинин Тургут Озал атындагы клиникасында боор алмаштыруу боюнча окуп келишкен. Алар дүйнөдөгү боор алмаштыруу боюнча белгилүү дарыгер, профессор Сезай Йылмаз баштаган дарыгерлер менен тажрыйба алмашып, өкмөттөр аралык келишимдин негизинде ишке ашып жаткан долбоор боюнча дарыгерлер үч ай билимин өркүндөтүшкөн.

 

Фото галерея