29-мартта “ОшМУ-Алдиер” “Кара-Балта” командасы менен беттешет

Башкы Жаңылыктар

29-мартта “ОшМУ-Алдиер” “Кара-Балта” командасы менен беттешет

Image

 

“ОшМУ-Алдиер” футболдук клубу 29-мартта Кыргыз премьер-лигасынын быйылкы сезонундагы биринчи оюнун өткөрөт. Университеттин оюнчулары “Кара-Балта” командасы менен Оштогу борбордук стадиондо беттешет. Оюн 29-март күнү саат 13:30 башталат.

Кыргыз премьер-лигасында он клуб ойнойт. Алар - «ОшМУ-Алдиер», «Дордой», «Алга», «Алай», «Нефтчи», «Илбирс», «Кара-Балта», «Мурас Юнайтед», «Талант» жана «Абдыш-Ата» клубдары.

Биринчи турдун беттештери 28-30-март күндөрү өтөт.

“ОшМУ-Алдиер” футболдук клубу премьер-лигага даярдык көрүү үчүн 5-15-март күндөрү Өзбекстандын Фергана шаарындагы Фергана футбол клубунун базасына окуу-машыгууларды, жолдоштук беттештерди өткөрдү.

Фото галерея