ОшМУ Япониядагы дүйнөлүк рейтингде ТОП 5ке кирген университет менен кызматташат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Япониядагы дүйнөлүк рейтингде ТОП 5ке кирген университет менен кызматташат

Image

 

27-29-март күндөрү ОшМУнун ректору  Кудайберди Кожобеков баштаган делегация Япониядагы  Токия медициналык жана  стоматологиялык университетинде болушту. 

Иш сапардын биринчи күнүндө университеттин белгилүү окумуштуулары  болгон профессорлор  Казуки Такада, Шужчи Тохда, Коджи Моришита баштаган 
университеттин саламаттыкты сактоодогу жетекчилиги жана алдыңкы илимий изилдөө программалары менен таанышышты. 
Аталган университеттин ооруканасындагы курч кырдаалдарда жардам көрсөтүү жана кырсык  медицинасы жайгашкан уникалдуу бөлүмдүн ишин көрүштү. 

 Иш сапардын биринчи күнү дипломдон кийинки билим берүү программаларынын өкүлдөрү  профессор  Аяме Ямазаки жана  Кейичи Акита менен болгон жолугушуу менен жыйынтыкталды.

Токия медициналык жана  стоматологиялык университети  (TMDU) Япониядагы бакалавриат жана магистратура программалары боюнча билим берген жалгыз комплекстүү медициналык университет болуп саналат.

Бакалавриат программалары боюнча медициналык жана стоматологиялык адистерди даярдайт.  Магистратура программалары боюнча изилдөөчүлөрдү (фундаменталдык изилдөөлөрдү жана клиникалык изилдөөлөрдү) жана окутуучуларды даярдайт.

Токия медициналык жана  стоматологиялык университети  дүйнөгө белгилүү университеттердин бири. Университет QS рейтингинде Япониядагы эң мыкты ТОП 3 университеттин катарына кирет. Университеттеги стоматология адистиги Япониядагы медициналык университеттердин арасында биринчи орунду ээлейт жана дүйнөлүк рейтингде ТОП 5ке кирет.

Фото галерея