"Жибек-жолу марафону 2024" массалык чуркоо жарыштары өтөт

Башкы Жаңылыктар

"Жибек-жолу марафону 2024" массалык чуркоо жарыштары өтөт

Ош шаарында 2024-жылдын 4-май күнү “Жибек-жолу марафону 2024” аталышындагы массалык чуркоо жарыштары өтөт.  Иш-чара ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата уюштурулууда.

Марафон Ош шаарынын борбордук аянтында өтүп, 1миңге чукул жаран катышат. Жарыштын алкагында катышуучулар 3 категория боюнча 3, 5 жана 10 чакырым аралыкка чуркашат.

Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар каралып, байге фонду 2жүз 22миң сом. Марафонго 14 жаштан жогору жарандар катышса болот.

ОшМУнун тарыхында алгачкы жолу өтүп жаткан жарышта биринчилерден болууну кааласаңыз шилтеме аркылуу кирип катталыңыз: http://jibek-jolu.oshsu.kg  

Байланыш үчүн: +996 551 993 866

Фото галерея