ОшМУга 85: Казак-кыргыз ырларынын поэзия сынагы 

Башкы Жаңылыктар

ОшМУга 85: Казак-кыргыз ырларынын поэзия сынагы 

Image

ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата эл аралык «Самат Сүндетбаев атындагы поэзия» аталышында студенттер арасында сынак болуп өттү. Адабий кече Казакстандын Кыргызстандагы Башкы консулдугу жана Л.Н. Гумилев атындагы улуттук университетинин «Казак тили жана маданияты» борбору тарабынан уюштурулду. 
Иш-чарада сөз сүйлөгөн Башкы консул Мухтар Карибай казак-кыргыз боордоштугун жана руханий байланышын, эки элдин окшош баалуулуктарын, эки өлкөнүн кызматташтыгынын актуалдуулугун, студенттерди маданият таанууга тартуунун мааниси чоң экендигин баса белгиледи. 
Сынак эки этапта болуп, катышуучулар алгач казак жана кыргыз акындарынын ырларын көркөм окушту. Андан соң, Кыргызстандын жана Казакстандын тарыхын, маданиятын, адабиятын таануу боюнча викториналык суроолорго жооп беришти. 
Иш-чаранын соңунда  жеңүүчүлөргө Башкы консул Мухтар Карибай демөөрчүлүк кылып, сыйлыктарды тапшырды.  
Адабий кече студенттердин чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн чыңдоо, казак тили жана маданияты, адабияты, анын бай тарыхы боюнча билимдерин кеңейтүү, эки өлкөнүн жогорку окуу жайлары менен кызматташтык байланыштарын өнүктүрүү максатында уюштурулган.

Фото галерея