ОшМУнун PhD докторанттары жүрөк оорулары менен онкологиянын айкалышы боюнча изилдөө жүргүзүүдө

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун PhD докторанттары жүрөк оорулары менен онкологиянын айкалышы боюнча изилдөө жүргүзүүдө

Image

Бишкек шаарында 27-29-март күндөрү жүрөк ооруларын дарылоо багытындагы жаш окумуштуулардын күч-аракеттерин бириктирүүгө арналган  Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн кардиология жана инфекциялык эмес ооруларды өнүктүрүүдөгү инновациялар жана технологияларга арналган эл аралык конгресси жана “Миррахимовдук окуулар” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференцияда кардиология жана ички оорулар тармагындагы оригиналдуу изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы бар 35 жашка чейинки жаш окумуштуулардын изилдөөлөрү боюнча баяндамалар жасалды.

ОшМУдан PhD докторанттар Акбалаева Бегимай жана Нурлан Райымбек уулу катышып келишти.  PhD докторант Бегимай Акбалаева Кыргызстанда биринчилерден болуп жүрөк оорулары менен онкологиянын айкалышы жөнүндө изилдөө иштери боюнча баяндама жасады.

Россия илимдер академиясынын академиги, профессор Юрий Беленков кардио-онкология боюнча лекциясында  Бегимай Акбалаеванын келечектеги кардиотоксиктүүлүк диагностикасы үчүн жасаган ишинин маанилүүлүгүн баса белгиледи. Беленковдун айтымында, анын иши кардио-онкология тармагында алдыга жасалган олуттуу кадам болуп саналат. "Анын изилдөөлөрү жөн гана инновация эмес, кардиотоксиктикти диагностикалоо жана башкаруудагы келечек үчүн негизги элемент", -деди ал.

“Миррахимовдук окуулар” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция жыл сайын окумуштуу-клиницист жана академик Мирсаид Миррахимовдун элесине арналып өткөрүлүп келет.

Фото галерея