ОшМУга 85: “ОшМУну даңктайм ыр менен”

Башкы Жаңылыктар

ОшМУга 85: “ОшМУну даңктайм ыр менен”

Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык мааракесинин алкагында искусство факультетинин таланттары Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде концерт коюшту.

“ОшМУну даңктайм ыр менен” аталышындагы иш-чарага ОшМПУнун профессордук-окутуучулук жамааты, студенттери күбө болушту.

ОшМУнун искусство факультетинин таланттуу студенттеринен түзүлгөн чыгармачыл жамаат жогорку деңгээлдеги концерттик программа тартуулашты. Эстрадалык жана фольклордук жанрдагы чыгармаларды ансаблдин коштоосунда жандуу аткарышты.

Ошондой эле Манас айтышып, студенттерден түзүлгөн комузчулар ансамбли күү чертип, хор, улуттук жана чет элдик заманбап ырларды тартуулашты. Мындан сырткары сүрөт чийүү, дизайн программалары боюнча көргөзмө коюлду.

“ОшМУну даңктайм ыр менен” аттуу концерттик программа 5-апрелде  Ош технологиялык университетинде өтөт.

Фото галерея