“Билим” лицейинде ОшМУга кураторлукка бекитилген Ош шаарындагы мектептер үчүн семинар уюштурулду

Башкы Жаңылыктар

“Билим” лицейинде ОшМУга кураторлукка бекитилген Ош шаарындагы мектептер үчүн семинар уюштурулду

Image

ОшМУнун “Билим” лицейинде Билим берүү жана илим министрлигигин буйругу менен ОшМУга кураторлукка бекитилген Ош шаарындагы №52 «Кыргыз-Түрк достугу» мектеп-лицейи жана Карасуу районундагы Сыдык Алайчы уулу атындагы №87 инновациялык мектеп-гимназия комплексинин директорлору, мугалимдери үчүн семинар уюштурулду.

 Коноктор алгач  “Билим” лицейинин материалдык-техникалык базасы менен таанышып, лицейдеги гоеграфия, математика, кыргыз тили сабактарына катышышты. Андан сон ОшМУнун орто кесиптик билим берүү департаментинин директору Чыңгыз Мамажакып уулунун төрагалыгында кенейтилген форматта кенешме өткөрүлдү. Кеңешмеде өзгөчө макам алгандан кийинки ОшМУдагы  жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берилди.

 Жолугушууда кызматташуунун приоритеттүү багыттары белгиленип, тажрыйба алмашуу, санариптик көндүмдөрдү жайылтуу, мугалимдердин мобилдүүлүгүн уюштуруу, окуучулардын ортосунда таймаштарды өткөрүү жөнүндө маселелер талкууланды. Сонунда ОшМУнун Кара-Суу гимназиясынын география мугалими Марат уулу Нуристан кызыктуу семинар өтүп берди.

Фото галерея