ОшМУда Польша менен аймактын экологиясын өзгөртүүгө багытталган долбоор ишке ашат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Польша менен аймактын экологиясын өзгөртүүгө багытталган долбоор ишке ашат

Image

Польшадагы Быдгощ экономикалык университетинин делегациясы иш сапары менен ОшМУга келди. Делегацияны Польша Конгрессинин элчиси, спорт жана дене тарбия институтунун директору Александр Скалый жетектеп келген. Курамында искусство, медицина, экономика багытында факультеттин декандары, профессорлор бар.

Коноктор ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Нурлан Омуров менен жолугуп, алдыдагы кызматташтыктар боюнча пикир алышты. Жолугушууда ОшМУ менен кызматташтыктардын ийгиликтүү ишке ашып жаткандыгы белгиленип, ОшМУга Быдгощ экономикалык университетинин ректорунун ыраазычылык каты тапшырылды.

Делегация окуу жайда 22-27-апрель күндорү болот. Адистиктерге конок лекцияларды окуп, мастер-класстарды өткөрүшөт.  Ошондой эле эки окуу жайдын ортосунда биргеликте ишке ашып жаткан РИТА долбоору боюнча иш-аракеттерди жүргүзүшөт.

Долбоору боюнча студенттер бир жума аралыгында лекцияларды угушса, күндүн экинчи бөлүгүндө алган билимдерин практика жүзүндө көрсөтүп беришет. Рита долбооруна катышып жаткан ар бир катышуучу семинарга керектелүүчү окуу куралдары, керектүү каражаттар менен камсыз болушат. RITA долбоору – бул аймактын экологиясын өзгөртүүгө багытталган. 

2021-жылы Быдгощ экономикалык университетинин канцлери Филип Сикоранун ОшМУга болгон иш сапарында  эки тараптуу келишимге кол коюлган. 2023-жылы ректор Кудайберди Кожобеков баштаган делегациянын Быдгощ экономикалык университетине болгон иш сапарында  Быдгощ шаардык мэриясынын инновациялык технологиялар борбору, ОшМУ, Быдгощ экономикалык университетинин ортосунда үч тараптуу келишимге кол коюлган.

Быдгощ экономикалык университети төртүнчү муундагы окуу жай болуп эсептелет. Ага ылайык, ЖОЖ-илим-өндүрүш-коммерциалаштыруу  компоненттери бирдиктүү ишке ашырылат.

Фото галерея