ОшМУда техникалык багыттарда адистерди даярдоочу институт ачылат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда техникалык багыттарда адистерди даярдоочу институт ачылат

Image

Ректор Кудайберди Кожобеков баштаган делегациясынын Кытайдагы иш сапары Нанкин технологиялык институтунда уланды. 

ОшМУнун делегациясы институттун жетекчилиги менен жолукту. Сүйлөшүүлөрдүн соңунда кызматташуу келишине кол коюшту. Келишимде ОшМУ, «Кыргыз унаа курулуш» компаниясы, Кытайдан Нанкин технологиялык институту, Нанкин транспорттук институту, Нанкин Цзюли групп компаниясы, Өзбекстандан Жизак мамлекеттик техникалык институту, Өзбекстандын транспорт министрлигинин Жизак областынын өкүлчүлүгү биргеликте «Чжэнхэ - Борбор Азия инновациялык стратегиялык кызматташтык Өндүрүш-Университет-Изилдөө-Инновация» борборун ачышты.

Аталган борбор негизинен Борбор Азия аймагында техникалык багыттарда өндүрүшкө керектүү адистерди даярдайт. Көп тараптуу келишимдин негизинде ОшМУда институт ачылып, азыркы учурда эң актуалдуу болуп жаткан кайра калыбына келүүчү энергия булактырынын инженериясы жана технологиясы, маалыматтык инженерия, программалык инженерия, логистика жаатында бакалаврларды даярдоо макулдашылды.

Жолугушуудан соң ректор Кудайберди Кожобеков окуу жайдын алдындагы студенттердин «Стартап борборунда» болду. Борбор ачылгандан бери 230дан ашуун стартап долбоорлор ишке ашкан. Долбоорлордун ичинен учурда Кытайда ийгиликтүү ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан долбоорлор менен таанышты. 

Мындан сырткары келечекте ОшМУнун «Стартап борбору» менен кызматташуу багыттары талкууланды.

Фото галерея