ОшМУда республикалык жаштар форуму өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда республикалык жаштар форуму өттү

 

ОшМУнун 85 жылдык маарекесине карата Ош шаардык мэриясы, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана ОшМУ  биргеликте “Жаштар өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө карай” республикалык форумун өткөрдү.

Форумга Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Джунусбаев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жаштар саясаты башкармалыгынын начальниги Аскар Шайкидинов, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан келген 8 жогорку окуу жайдын активдүү студенттери катышты.

Коноктор алгач  ОшМУнун 85 жылдык мааракесине арналып уюштурулган “ОшМУ- сүрөтчүлөрдүн көзү менен” аттуу көркөм сүрөттөрдүн конкурсунун катышуучуларынын эмгектери менен таанышты. Андан соң ОшМУдагы  жаштардын жетишкендиктери жөнүндө парадга күбө болушту.

Форумдун алкагында ОшМУнун, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жаштар багытында жасалып жаткан иштери көрсөтүлдү. Андан сырткары ыктыярчылык, диний агымдар жана тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдар, киберкоопсуздук темаларында баяндамалар жасалып, жаштар арасында талкуулар болду. Форумдун соңунда ОшМУнун таланттуу студенттеринин концерттик программасы тартууланды.

Өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп, мамлекеттик жаштар саясатын өнүктүрүүгө салым кошкон жаштар Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ыраазычылык каты, Ош шаардык мэриясынын жаштар иштери боюнча комитетинин Ардак грамотасы менен сыйланышты.

“Форум креативдүү жаштардын идеяларын ортого салуу, ыктыярчылыктын  коомду өнүктүрүүдөгү ролун белгилөө,  диний негиздеги чыр чатактардын, зомбулуктун алдын алуу максатында уюштурулду. Ошондой эле ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата университеттин жаштар багытында жасалып жаткан иштери чагылдырылды”,-деди ОшМУнун коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева.

 

Фото галерея