ОшМУга 85 жыл: "Алтын үн" сынагы жыйынтыкталды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУга 85 жыл: "Алтын үн" сынагы жыйынтыкталды

ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата өткөн жогорку окуу жайлардын таланттуу студенттеринин  "Алтын үн" вокалдык сынагы жыйынтыкталды.

Студенттердин республикалык сынагына ЖОЖдордон тандалып келген  12  талант катышты.

Студенттердин өнөрлөрүн Кыргыз Эл артисти Керим Турапов  баштаган белгилүү маданият кызматкерлери,  журналисттер, обончу, аткаруучулар баалашты. 

Жыйынтыгында 3-орунду Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайдын студенти Токсонбаева Маншук ээледи. 2-орунду Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенти Мээрим Тилебалдыева жана Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинин студенти Айгерим Канатбекова алды.
Ал эми 1-орунду Бүбүсара Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство  университетинин студенти Байаман Сонунбеков жана ОшМУнун студенти Арууке Кубатбекова жеңип алышты.
Сынактын жеңүүчүлөрүнө жана активдүү катышкан студенттерге окуу жайдын Ардак  грамотасы жана акчалай сыйлыктары,  белектер тапшырылды.

 "Алтын үн" вокалдык сынагы ОшМУнун 85 жылдык мааракесине арналып уюштурулду. Бул сынак мааракеге арналып уюштурулган 85 иш-чаранын бири.  Максатыбыз жаштар арасында патриоттук сезимдерди ойготуу, музыканын көркөмдүк деңгээлин көтөрүп, жаш таланттарга стимул берүү болуп саналат”,-деди ОшМУнун коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева.

ОшМУнун 85 жылдык мааракеси  31-майда  Ош шаарындагы борбордук стадиондо салтанаттуу белгиленет.

Фото галерея