«Ednet» агенттиги тарабынан аккредитациялоо жараяны  өттү

Башкы Жаңылыктар

«Ednet» агенттиги тарабынан аккредитациялоо жараяны  өттү

Image

2024-жылдын 22-25-апрелинде ОшМУда билим берүү чөйрөсүндө сапаттын кепилдиги боюнча «Ednet» агенттиги тарабынан аккредитациялоо  жараяны  өттү.  Мында  орто кесиптик билим берүү, бакалавриат, специалитет, магистратура жана PhD докторантура билим берүү программалары каралды.

Кезектеги аккредитациядан орто кесиптик билим берүү  боюнча ветеринария, туризм,  бакалавриат  боюнча  эл аралык мамилелер, филология жана филологиялык билим берүү, аймак таануу, информациялык системаларды математикалык камсыздоо жана администрациялоо, биология, ал эми магистратура боюнча  аймак таануу, биология, химия, юриспруденция,  PhD докторантура  боюнча болсо  математика, коомдук саламаттыкты сактоо жана медицина болуп жалпы  14 багыт, 24 профиль боюнча билим берүү программалары өттү.

Ал эми кайрадан аккредитациялоо процедурасынан 5 программа специалитет – режиссура, колдонмо геодезия; орто кесиптик билим берүү - колдонмо информатика, техникалык эсептөөчү каражаттарды жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө, маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу өттү.

«Ednet» агенттигинин  аккредитациядан өткөрүү жараянына коюлган талаптары  университеттин билим берүүнүн, изилдөөлөрдүн, инновациялардын сапатын өнүктүрүү боюнча стратегиялык пландаштыруу департаментинин аккредитация жана лицензиялоо сектору  тарабынан толугу менен аткарылды.

Фото галерея