“Жибек-жолу марафону-2024” жыйынтыкталды

Башкы Жаңылыктар

“Жибек-жолу марафону-2024” жыйынтыкталды

ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата Ош шаарында  “Жибек-жолу марафону-2024” массалык чуркоо жарышы өттү.
Массалык чуркоого Кыргызстандын бардык аймагынан, Казакстан, Өзбекстандан спортчулар, жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулук курамы, студенттер, мектеп окуучулары катышты.
Марафонго 1000ден ашуун жаран катышты. Жарыштын алкагында катышуучулар 14+, 45+, 55+ категориялары боюнча 3, 5 жана 10 чакырым аралыкка чуркашты. Бардык катышуучулар алдын-ала каттоодон өтүп, ар бири катар номер алышкан.
“Мындай массалык чуркоону камтыган марафон ОшМУнун тарыхында алгачкы жолу өтүп жатат.  Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети, колдоо көрсөткөн демөөрчүлөр менен биргеликте уюштурулууда. Марафонго Кыргызстан боюнча жалпы билим берүүчү мекемелер менен биргеликте шаар тургундарын, кесипкөй спортчуларды чакырганбыз. Биздин мааракелик иш-чараны колдоп келген жалпы катышуучуларга, жогорку окуу жайдын ректорлору баштаган жамааттарга ыраазычылык билдирем.”,-деди ректор Кудайберди Кожобеков. 
Жыйынтыгында 55+  категориясы боюнча  3 км аралыкта 1-орунду Абазов Турдумамат, 2-орунду  Маметов Жакыпжан, 3-орунду  Бурканов Акылбек ээледи. Айымдар арасында 1-орунду  Гулсун Мусуппаева, 2-орунду  Гулайым Максуталиева,  3-орунду Мейликан Орозова.

45+ категориясында 3 км аралыкта 1-орунда Асан Абсатаров, 2-орунда Оболбек Осмонбеков, 
3-орунда  Омаржан Нурдинов келди. 
Айымдар арасында 1-орунда Гуланда Тойчубекова, 2-орунда Кулпунай Токторова,
3-орунда Света Бекеева келишти.
5 км аралыкта  35 + категориясында эркектер  арасында 1-орунду Алимардан Сабиров, 2-орунду Ахмет Булатов, 3-орунду Талант Эржанов ээледи. Айымдар арасында 1-орунду Наргиза Наматова, 2-орунду Барчын Давлятова, 3-орунду Айниза Айтиева алды.
14+ категориясында 1-орунду Элсиер Хабибиллаев, 2-орунду Хабибулла Аматов, 
3-орунду Нурэл Аскарбаев ээледи. Айымдар арасында 1-орунду Мадина Абдыкадырова, 2- орунду  Мадина Заирова, 3-орунду Бермет Өмурбакиева ээледи.
Кесипкөй спортчулар арасында 10 км аралыкта 1-орунда Жусуп Сулайман уулу, 2-орунда Мирбек Адинов, 3-орунда Ибраимов Рахматулла келди. Ал эми айымдар арасында 1-орунда Алымкан Жамшитбекова, 2-орунда Сон Ренато, 3-орунда Майрамкан Даниярова келди. 
Ар бир категория боюнча жеңүүчүлөр медаль, диплом, акчалай сыйлык, баалуу белектер менен сыйланышты. Марафондун катышуучулары үчүн концерттик программа тартууланды.

Фото галерея