ОшМУда тышкы байланыштар бөлүмү жаңыланды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда тышкы байланыштар бөлүмү жаңыланды

Окуу жайдын борбордук китепканасында жайгашкан тышкы байланыштар бөлүмү оңдоп түзөөдөн өтүп, пайдаланууга берилди. Буга чейин окуу жайдын ар башка кааналарында жайгашкан  VISA, сурап билүү, академиялык мобилдүүлүк боюнча жооптуу адистер  бир жерге жайгаштырылды.

Бөлүм заман талабына ылайык жабдуулар,  ОшМУдан чыгарылган буюмдар, окуу жайдын эл аралык байларыштарын чагылдырган маалымат булактары менен жасалгаланган.

Эми студенттер тиешелүү кызматтардан пайдалануу үчүн бул бөлүмгө кайрыла алышат.

Бөлүмдө 9 кызматкер эмгектенет. Алар кыргыз, орус, англис, кытай жана испан тилдеринде эл аралык кызматташуу боюнча  тиешелүү маалыматтарды беришет.

“Окуу жайдын жетекчилиги  тиешелүү структура башчыларына ар бир адистер кесипкөй болсун, ошол эле учурда алардын иштеген жери да эл аралык нормаларга жооп берсин деп тапшырма койгон эле. Бүгүн ошол тапшырмаларга ылайык заманбап талабына жооп берген эл аралык бөлүмүн ачып отурабыз. Учурда ОшМУ 34 мамлекеттин ЖОЖдору менен 300дөн ашуун келишимдерге кол койгон. Биздин бөлүм окуу жайдын эл аралык байланыштары багыттарындагы иштерин лапы барат”,-деди ОшМУнун тышкы байланыштар боюнча проректору Курсантбек Аттокуров.

Фото галерея