15 багыт боюнча боюнча аккредитациялоо жараяны жүргүзүлдү

Башкы Жаңылыктар

15 багыт боюнча боюнча аккредитациялоо жараяны жүргүзүлдү

Image

2024-жылдын 7-8-майында ОшМУда Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги (ААОПО) тарабынан орто кесиптик билим берүү, бакалавриат, специалитет жана магистратура билим берүү программаларын аккредитациялоо жараяны өттү.

Аккредитация жараяны жалпысынан 15 багыт боюнча боюнча билим берүү программалары камтыды: орто кесиптик билим берүү - дарылоо иши, акушердик иш, фармация (Өзгөн эл аралык медициналык колледжи), медициналык айым иши, ортопедиялык стоматология, лабораториялык  диагностика, акушердик иши, фармация, медициналык айым иши (Ош медициналык колледжи), теология, укук коргоо иши (Финансылык-юридикалык колледжи); бакалавриат – агрономия; специалитет – соттук экспертиза; магистратура – дене тарбия жана спорт, теология.

Ошондой эле ОшМУнун № 12 - кесиптик лицейи институционалдык жана программалык  аккредитациялоодон өттү. Программалык  аккредитациялоо  № 12- кесиптик лицейинин төмөнкү багыттары боюнча жүрдү: Санитардык–техникалык жана желдетүү системаларын жана жабдыктарын монтаждоочу; электр жана газ менен ширетүүчү, тигүүчү-бычмачы, чачтарач-визажист,  электр – газ менен ширетүүчү, тигүүчү жана тигүү жабдууларынын оператору, ашпозчу-кондитер адистиктери.

Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо (ААОПО) агенттигинин аккредитация процедурасын өткөрүүгө коюлган талаптары Билим берүүнүн, изилдөөлөрдүн, инновациялардын сапатын өнүктүрүү боюнча стратегиялык пландаштыруу департаментинин Аккредитация жана лицензиялоо сектору  тарабынан толугу менен аткарылды.

 

Фото галерея