Көзөмөлчүлүк кеңешинде университеттеги орчундуу маселелер каралды

Башкы Жаңылыктар

Көзөмөлчүлүк кеңешинде университеттеги орчундуу маселелер каралды

Image

ОшМУнун Көзөмөлчүлүк кеңешинин кезектеги жыйналышы болду.  2024-жылдын 11-майында болуп өттү. Анда ОшМУнун 85 жылдык мааракесин өткөрүүгө байланыштуу  студенттер жана кызматкерлер үчүн 1000 (миң) даана компьютер  сатып алуу, үйлөнмө чатырдан жасалган көп профилдүү зал (20,5м x 28.5м) сатып алуу, университеттин № 1 жана №15 окуу имараттары үчүн күн энергиясынан электр энергиясын алуу системасын сатып алуу, Ош шаардык А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо 2024-жылдын 31-майында ОшМУнун 85-жылдык юбилейине арналып өткөрүлө турган кыргыз эстрада жылдыздарынын жана 400 ашык бийчилердин театралдашкан көрсөтүүсүн чагылдыруу  үчүн ижарага алуу, Умарова Б.К., - Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагынын Агартуу кыштагынын Байматов Ж. атындагы көчөсүнүн тургунунун, ОшМУнун ЭАББП колледждинде окуп жаткан балдарына контракттан жеңилдик берүүнү суранып жазган арызын кароо сыяктуу маселелер каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды. ОшМУнун ректору Кожобеков К.Г. алдыда келе жаткан ОшМУнун 85 жылдык мааракесине токтолуп аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берди.

Фото галерея