Өзбекстандын Экономика жана педагогика университети менен байланыштар бекемделүүдө

Башкы Жаңылыктар

Өзбекстандын Экономика жана педагогика университети менен байланыштар бекемделүүдө

Image


 
ОшМУга Өзбекстандын Экономика жана педагогика университетинин окуу иштери боюнча проректору Бохадиржон Муйдинов баштаган профессордук-окутуучулук курам  жана студенттерден турган делегация келди. 
 Алгач делегация окуу жайдын инвестиция жана экономикалык өнүгүү боюнча проректору Кубаныч Токторов, тышкы байланыштар боюнча проректору Курсантбек Аттокуров баштаган жамаат менен жолугушту. Жолугушууда эки окуу жайдын байланыштары, кафедралар аралык келишимдери алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча сөз болду. 
Иш сапардын алкагында делегация окуу жайдын Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин илим жумалыгына катышат. Андан сырткары университеттин практика жана карьера борборунун,  педагогика кафедрасынын, Ош шаарындагы №18 Навои мектеп лицейинин жамааты менен жолугушууларды өткөрүп, тажрыйба алмашышат.  
Экономика жана педагогика университетинен келген студенттер педагогика дисциплинасынын алкагында уюштурулган “Креативдүү, компетенттүү студент” аталышындагы эл аралык деңгээлдеги “Акыл ордо” таймашына катышат. Окутуучулар конок лекцияларды өтүшөт. 
Ушул жылдын 27-29-март күндөрү  Экономика жана педагогика университетине ОшМУдан проректор  Кубаныч Токторов баштаган профессордук-окутуучулук крамдан турган делегация барып, келишимдерди түзүп келишкен. Окутуучулар филология, педагогика, экономика жаатында конок лекцияларды өтүшкөн.

Фото галерея