Үй-бүлөлүк баалуулуктарды камтыган тарбиялык иш-чара уюштурулду

Башкы Жаңылыктар

Үй-бүлөлүк баалуулуктарды камтыган тарбиялык иш-чара уюштурулду

Image

ОшМУнун искусство факультетинде “Мен үй-бүлө курууга даярмынбы?” аттуу тарбиялык иш-чара уюштурулду.

Иш-чарага окуу жайдын коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева, Искусство факультетинин деканы Жениш Мойдунов баштаган факультеттин жамааты, эксперттер, студенттер жана коноктор катышты.  

Эксперт катары чакырылган Юридика факультетинин доценти Жылдыз Айтбаева, Теология факультетинин дин таануу жана гуманитардык предметтер кафедрасынын башчысы Асилбек Абдуганиев, Ош облустук Адам репродукциясы борборунун врач акушер гинекологу, эндокринолог Жанылай Мадакимова, педагогика жана психология кафедрасынын доценти Зина Джоошбековалар жаштарды  үй-бүлө курууга даярдоого багыттанган эксперттик кеңештерин беришти.

“Мен үй-бүлө курууга даярмынбы?” иш-чарасында алгач теманын алкагындагы видео ролик көрсөтүлүп, талкуулар уюштурулуп, сахналык көрүнүштөр орун алды.

Тарбиялык иш-чара студенттерге үй-бүлөдө жаштардын ата-эне болуу жоопкерчилигин түшүнүүгө жардам берүү, үй-бүлөлүк баалулуктарды баалоо, үй-бүлөлүк тарбиянын, коомчулуктун ата-эне болууга  тийгизген таасирлери, ата-энелик укукту, милдетти жана жооперчиликти алып кетүү сунуштарын берүү максатында Искусство факультетинин философия жана политология кафедрасы тарабынан уюштурулган.

Фото галерея