ОшМУ Кытайдын алдыңкы окуу жайы менен кызматташат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Кытайдын алдыңкы окуу жайы менен кызматташат

ОшМУга  Кытайдын  Түндүк-Батыш университетинин делегациясы келди. Делегациянын курамында аталган окуу жайдын "Жибек жолу" институтунун, эл аралык байланыштар департаментинин, Экономика, мененджмент жана журналистика институттарынын директорлору жана кыргызстандык PhD докторанттары бар. Алар окуу жай башчысы баштаган структура жетекчилер менен жолугуп, студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгү, кытай тили мугалимдерин алмашуу программасы жана биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу боюнча маселелерди карады. Жыйында студенттердин 2+2, 3+1 программалары жана факультеттер аралык журналистика, медицина, информатика жана экономика багытында тыгыз кызматташуу тууралуу кошумчаланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө биргелешкен билим берүү, тил үйрөнүү жана кесипкөй адистерди даярдоо жөнүндө сунуштар берилип, эл аралык байланыштар боюнча суроо-жооптор болду.

Буга чейин 2024-жылдын февраль айында Министр Догдуркүл Кендирбаева кыргыз делегациясынын Сиань шаарына болгон иш сапары учурунда Түндүк-Батыш университетинин жетекчилиги менен химиялык инженерия, археология боюнча адистерди даярдоо мүмкүнчүлүктөрүн караган. Симпозиумда Түндүк-Батыш университети менен ОшМУнун ортосунда эки тараптуу кызматташуу жөнүндө келишимдерге кол коюлган.

Фото галерея