ОшМУда эл аралык интеллектуалдык таймаш өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда эл аралык интеллектуалдык таймаш өттү

Image

ОшМУда педагогика дисциплинасы боюнча “Креативдүү, компетенттүү студент” аталышындагы эл аралык “Акыл ордо” интеллектуалдык таймашы өткөрүлдү. Иш-чараны ОшМУнун орто кесиптик билим берүү департаментинин директору Мамажакып уулу  Чынгызбек куттуктоо сөзү менен ачып берди.

Таймашка ОшМУнун жана Өзбекстандын  Экономика жана педагогика университеттеринин педагогикалык багытындагы факультеттеринин 2-курстарынын студенттеринен түзүлгөн 7 команда катышты.

​Таймаштын жүрүшүн Ош облусунун Уркия Салиева атындагы зээндүү  балдар жатак лицейинин  директору Жамал Убайдуллаева, Өзбекстандагы  Экономика жана педагогика университетинин педагогика кафедрасынын доценти Нигора Валиханова, ОшМУнун педагогикалык практика боюнча инспектору, доцент Адылбек Батыралиев баштаган калыстар баалашты.      Таймаш өздөрүн жалпы катышуучуларга тааныштыруу, “Тарбиянын теориясы жана окутуунун технологиясы” курсу  боюнча Quiz формасында түзүлгөн тестик суроолорго жооп берүү, педагогикалык кырдаалдардан чыгуу жолдору, “Сүрөт сүйлөйт” аталыштагы берилген  тапшырмадагы сүрөттү ар тараптуу чечмелөө боюнча төрт этапта өттү.

​Жыйынтыгында ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин “Тилиммен” тобу “Креативдүү, компетенттүү студент” номинациясын багындырды. Таймашка катышкан баардык топтор 1-2-3-даражадагы дипломдор жана ар бир студент активдүү катышкандыгы үчүн грамоталар, ыраазычылык каттар менен сыйланышты.

“​Таймашта жогорку окуу жайынан алган теориялык-практикалык билимдерин педагогикалык ишмердүүлүгүндө  колдоно алган, коомдогу түрдүү кырдаалдарда  инсан, адис катары өзүнүн  пикири бар, креативдүү, компетенттүү адистерди даярдоо маселелерин камтыган тапшырмалар болду. Иш-чаранын негизги максаты эки өлкөнүн университеттеринин профессордук-окутуучулук курамынын жана студенттеринин достугун чыңдоо, алардын ар тараптуу өсүп - өнүгүүсүн күчөтүүгө салым кошуу болуп саналат”, - деди эл аралык таймаштын демилгечиси жана уюштуруучусу, ОшМУнун педагогика кафедрасынын башчысы, доцент Гульмира Жутанова.  

Фото галерея