Профессор Абдыкерим Муратовго ОшМУнун ардактуу профессору наамы ыйгарылды

Башкы Жаңылыктар

Профессор Абдыкерим Муратовго ОшМУнун ардактуу профессору наамы ыйгарылды

Image

Кыргыз илим-билимине бараандуу салым кошуп келе жаткан ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүсү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин  профессору, адабиятчы, педагог, жазуучу, журналист, публицист  Абдыкерим Муратовго ОшМУнун ардактуу профессору наамы ыйгарылды.

Ардактуу профессор наамын тапшырып жатып окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков “Университеттин аброю, эл аралык рейтингге кирүүсү, сапаттык көрсөткүчү анын бүтүрүүчүлөрү менен аныкталат. ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүсү катары биз сиз менен дайыма сыймыктанып келебиз. Чыныгы атуул, сыймыктуу бүтүрүүчү катары ОшМУ тууралуу ар дайым жакшы кеп айтып, тыгыз кызматташып келесиз. Сиз ОшМУнун илимий потенциалын жогорулатууга салымыңызды кошуп,  биздин окуу жайдын жаш илимпоздоруна, изденүүчүлөрүнө кеп-кеңешиңизди айтып, жол көрсөтүп жаткандыгыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз”,-деди.

Иш-чаранын жүрүшүндө окумуштуу Абдыкерим Муратовдун өмүрү, чыгармачылыгы, ишмердүүлүгү тууралуу видео баян көрсөтүлүп, чыгармаларынан алынган сахналык көрүнүштөр тартууланды.  

Салтанатта Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бөлүм башчысы, профессор Бурул Сагынбаева, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын башчысы,  профессор Райкан Абдулаева, “Кыргызстан-Маариф” коомдук фондунун директорунун орун басары, профессор Кыялбек Акматов, Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин деканы Нурмамат  Турганбаев, шакирттери, аспиранттары куттуктоо сөздөрүн жолдошту.

Сыйлоо аземинен кийин Адыкерим Муратов “Чыгыш поэзиясынын контекстинде Барпы апыздын чыгармачылыгы” (Барпы Алыкул уулунун 140 жылдыгына карата) деген темада баяндама жасады.

Профессор А.Муратов Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетин 1976-жылы бүтүргөн. 1979-1980-жылдарда Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун кыргыз тили жана адабиятын окутуу методикасы кафедрасында  окутуучусу, ага окутуучусу болуп эмгектенген. Кыргыз улуттук адабиятынын жана педагогикасынын патриоту катары адабият таануу, адабий сын, педагогика, адабиятты окутуу багытында макалалардын, окуу китептеринин, окуу куралдарынын автору. Илимдин өңүгүшүнө бараандуу салым кошуп 4 илимдин докторун,  17 илимдин кандидатын, ондон ашуун магистрлерди даярдап жол көрсөтүү менен учурда бир топ аспиранттарды, докторанттарды даярдап, илим тармагында талыкпай эмгектенип келет.

 

 

 

 

Фото галерея