Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунда ОшМУнун 8 окутуучусу лекция окуду

Башкы Жаңылыктар

Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунда ОшМУнун 8 окутуучусу лекция окуду

Image

ОшМУнун окутуучулары Сейил Эргешова, Динара Ызабекова, Фарида Дейдиева, Жамила Досматова, Каныкей Кожоева, Абышева Айгуль, Орозгүл Кадырова жана Үмүт Таалай кызы Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунда болуп, конок лекция өтүштү. Мында алар кыргыз филологиясы, орус филологиясы, башталгыч билим берүү адистигинде билим алган студенттерге лекция, семинардык сабактарды өтүшкөн. Окутуучулар аталган институтка кызматташтык келишимдин негизинде барышкан. Аларды  Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун ректору Акрамжон Юлдашев жылуу кабыл алып, конок лекция өтүлгөндүгүн тастыктаган сертификаттарды тапшырды. Делегация Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун жаңыдан түзүлгөн заманбап лабораториялары, түзүлгөн шарттары боюнча таанышып окуу жайга экскурция жасашты.

 

 

Фото галерея