Билим берүү: ОшМУда мыктыларды тандоо башталды

Башкы Жаңылыктар

Билим берүү: ОшМУда мыктыларды тандоо башталды

Image

ОшМУда  "Заманбап лектор", "Заманбап окутуучу", "Педагогикалык дебют" жана "ОшМУнун Заманбап СӨАИ чебери" аттуу сынактар старт алды.  Алгачкылардан  болуп 13-майда "Заманбап окутуучу" конкурсунун катышуучулары Орус филология факультетинин улук окутуучусу Гульмира Имашева жана Эл аралык медицина факультетинин окутуучусу Жайнагуль Абдирасулова  ал эми, 14-май күнү Юридика факультетинин окутуучусу Ырысгүл Жээнбаева  жана ДТМ факультетинин доценти ф.и.к. Г.Аиповалар эксперттер тобуна өздөрүнүн сабактарын өтүп беришти.   
15-май күнү конкурсунун катышуучулары ОшМУнун медициналык колледжинин окутуучусу Арзиева Азиза жана ДТМ факультетинин окутуучусу Клара Мамат кызы сабактарды өтүштү.
Кароо сынак окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү тарабынан  педагогикалык кызматкерлердин чыгармачыл ишмердигин өнүктүрүүгө, чыгармачыл активдүүлүктү жогорулатууга,  инновациялык иштелмелерди жана технологияларды колдоого, билим берүүчүлүк ишмердиктеги жетишкендиктерди стимулдаштыруу максатында уюштурулууда.

Фото галерея