Чоң илимге жол кичине айылдан башталат

Башкы Жаңылыктар

Чоң илимге жол кичине айылдан башталат

Image

 

Кара-Кулжа районундагы Акун Турганбаев атындагы "Терек-Суу" орто мектептебинде Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген кызматкер, филология илимдеринин доктору, профессор Капар Зулпукаровдун 77 жылдык мааракесине карата "Чоң илимге жол айылдан башталат" аттуу форум-жолугушуу болуп өттү. Иш-чарага Кара-Кулжа райондук жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси, Алайку аймагындагы айыл өкүмөттөрүнүн жана мектептердин жетекчилери, айыл тургундары, Ош шаарынын мектептеринде иштеп жаткан  орусиялык мугалимдер, илимпоздун университетте эмгектенген шакирттери, үй-бүлөсү, туугандары, мектеп мугалимдери, окуучулар катышты. 
Жолугушуу окуучулар тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен коштолуп, агайдын турмуш жолу, илимий-педагогикалык ишмердүүлүгү боюнча баяндамалар жасалды. 
Форумдун алкагында аталган мектепте Кара-Кулжа районунун чыгаан атуулдарына арналган аллея ачылды. Орусиялык мугалимдер мектептин жамаатына, окуучуларга семинар-тренингдерди, мастер-класстарды өтүп, китептерди белек кылышты. Эң алдыңкы окуучуларга профессордун атынан стипендиялар тапшырылды. 
Иш-чара ОшМУнун 85 жылдык мааракесинин алкагында Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин деканы Нурмамат Турганбаевдин демилгеси менен уюштурулду.

Фото галерея