ОшМУнун окутуучуларынын эмгектери “Сулайман-Тоонун 100 көрүнүшү” көргөзмөсүндө коюлду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучуларынын эмгектери “Сулайман-Тоонун 100 көрүнүшү” көргөзмөсүндө коюлду

Image

Ош облусунда Тургунбай Садыков атындагы көркөм сүрөт музейинде 18-май  Эл аралык музей күнүнө карата “Сулайман-Тоонун 100 көрүнүшү” аттуу жазуучу, сүрөтчүлөр катышкан конференция жана көргөзмө уюштурулду.

Жыл сайын музей ишине тиешелүү белгилүү бир тема тандалып, ошого жараша майрамдалып келет. Дал ушул темаларга карата дүйнөдөгү бардык музейлер ар кандай агартуучу жана билим берүүчү программаларды даярдашат. Бул жылдын темасы «Музей - билим берүү жана изилдөө мекемеси» деп аталды.

Аталган көргөзмөгө өлкө аймагынан катышкан сүрөтчүлөрдүн ичинен  37 сүрөчүнүн эмгектери тандалып коюлса, анын 10 сүрөтчүсү ОшМУда эмгектенген окутуучулар болушту.

Музейдин башкы өнөктөштөрү катары Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы, «Новый ритм» коомдук бирикмеси, MEGA уюлдук байланыш түйүнү, «Аялдар тынчтык банкы» коомдук фонду, ОшМУнун искусство факультети, КРдин Сүрөтчүлөр союзунун Оштогу бөлүмү кызмат көрсөттү.

Иш-чаранын алкагында мастер-класстар уюштурулуп, акын-жазуучулардын катышуусундагы конференция менен жыйынтыкталды.

Белгилей кетсек, 1978-жылдан бери 18-май Эл аралык музей күнү катары дүйнөнүн 150гө жакын өлкөсүндө белгиленип келет.

Фото галерея