"Ден-соолук - 2024" спартакиадасында ОшМУ кандай жыйынтыктарга жетти? 

Башкы Жаңылыктар

"Ден-соолук - 2024" спартакиадасында ОшМУ кандай жыйынтыктарга жетти? 

Image

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде өткөн "Ден-соолук - 2024" спартакиадасында ОшМУнун кызматкерлери жалпы командалык жыйынтык боюнча 1-орунга ээ болду. Спартакиада билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош облустук комитети тарабынан уюштурулду.  
Спорттук  мелдешке Ош шаарындагы жогорку  окуу жайларынан түзүлгөн курама командалар катышты. Анда  спорттун 6 түрү боюнча 40 жашка чейинки жана 40 жаштан жогорку курактагылар арасында өттү.
Жеңүүлөргө Ош облустук Билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитети тарабынан диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Тандоо турунан жеңүүчү катары табылган командалар Ысык-Көлдө өткөрүлө турган "Ден соолук-2024" Спартакиадасына жолдомо алышат.

Фото галерея