Киноакадемиянын студенттери эл аралык сынакта байгелүү орундарды алды

Башкы Жаңылыктар

Киноакадемиянын студенттери эл аралык сынакта байгелүү орундарды алды

Image

«Фараби кино фестивалы» документалдуу фильмдердин эл аралык сынагында ОшМУнун киноакадемиясынын студенттери жакшы жыйынтыктарга жетти.

Алсак, кино фестивалдын “Эң мыкты кыска метраждуу тасмасы” жана “Эң мыкты мотивациялык тасмасы” номинацияларын “Кайра жаралгандар” этнографиялык даректүү тасмасы алды. Даректүү тасма Чоң - Алайга көчүрүлүп келген Оогандык кыргыздар тууралуу даярдалган.

Тасманы киноакадемиянын студенттери Сайфидин Шайырбек уулу, Атабек Курмушев жана Кайрат Атагулов киноакадемиянын окутуучусу Эркингул Мамбетакунованын жетекчилиги астында даярдаган.

«Фараби кино фестивалы» документалдуу фильмдердин эл аралык сынагын Казакстандын ал-Фараби  атындагы Казак улуттук университети уюштурган.

Чыгармачылык топ жакынкы айларда Туркияда өтүүчү Жаш киночулардын фестивалына катышууга даярдык көрүүдө.

Фото галерея