ОшМУнун "Кара-Суу" гимназиясынын окуучусу “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун "Кара-Суу" гимназиясынын окуучусу “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болду

Image

ОшМУнун "Кара-Суу" гимназиясынын 11-классынын окуучусу Абдазим Абдакимов Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган тестирлөөнүн жыйынтыгы менен “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болду.
“Жылда бүтүрүүчү класстар "Алтын тамга" артыкчылык аттестатына ээ болуу үчүн математика, кыргыз тили жана адабияты, тарых жана химия предметтеринен тестирлөөдөн өтүшөт. Качан гана окуучу төрт предметтен тең "5" деген баа ала турган болсо гана артыкчылык аттестатына ээ болушат. Бул окуу жылында Кара-Суу району боюнча эки окуучу артыкчылык аттестатына ээ болсо, анын бири биздин сыймыктуу окуучубуз Абдазим Абдакимов болду”, -деди мектептин директору Мадина Суюнбаева.
ОшМУнун “Кара-Суу” гимназиясы химия, математика, физика предметтери боюнча  тереңдетилген билим берет. Буга чейин гимназиядан 3 окуучу “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болгон.

Фото галерея