“ОшМУ – биздин ырларда” поэзия сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Башкы Жаңылыктар

“ОшМУ – биздин ырларда” поэзия сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Image

ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата окуу жайдын студенттик  "Нур" гезити тарабынан “ОшМУ – биздин ырларда” аттуу поэзия сынагы уюштурулду.

Сынакка жалпы 26 студент катышып, алардын арасынан 4 жеңүүчү аныкталды. 1-орунду ээлеген Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин студенти Мээрим Эркинбек кызы 7000 сом, 2-орунду ээлеген   Аниель Куламжанова 5000 сом, 3-орунду ээлеген  Баястан Темирбаев 3000 сом, 4-орунду ээлеген  Бизнес жана менеджмент факультетинин студенти Байэль Тешебаев 1000 сом акчалай сыйлыкка менен сыйланды.

Калыстар тобунун курамын Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун Ош бөлүмүнүн төрайымынын милдетин аткаруучу, "Ыр данек", "Жамгырлуу кеч" ырлар жыйнагынын автору Бермет Закирова, “Күн жашынган аска” ырлар жыйнагынын автору, “Ош шамы” гезитинин кызматкери Бекмурат Келдибаев, “Эрке кыялдар” ырлар жыйнагынын автору, “Достук планетасы” гезитинин редактору Сыдыкбек Апиш уулу түздү.

Байге фонду 16000 сомду түзгөн сынакка ОшМУнун  кесиптик бирлик комитети демөөрчүлүк кылды.

Поэзия сынагы ОшМУнун студенттеринин чыгармачылыкка болгон табитин калыптандыруу, таланттуу студенттерди коомчулукка тааныштыруу жана ОшМУну даңазалоо максатында уюштурулду.

 

Фото галерея