Билим берүү: ОшМУда мыктыларды тандоо уланууда

Башкы Жаңылыктар

Билим берүү: ОшМУда мыктыларды тандоо уланууда

Image

"Заманбап лектор” кароо сынагынын катышуучулары медициналык колледждин окутуучусу Нургүл Көккөзова, ФМТИТ институтунун улук окутуучусу Гүлнара Сейитказыева,  медицина факультетинин доценти Алтынай Садыкова, ФМТИТ институтунун доценти Нуркасым Аркабаев, юридика факультетинин улук окутуучусу Кыял Токтомамбетова көрсөтмөлүү сабактарын өтүштү. Ал эми "Заманбап окутуучу" конкурсунун катышуучулары эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин окутуучусу Зарина Асанахунова, искусство факультетинин окутуучусу Азамат Нурбаев, индустриалдык-педагогикалык колледждин окутуучусу Зыйнат Турдубекова, STEM инновациялык колледжинин окутуучусу Айтгүл Осмонова жана ФМТИТ институтунун окутуучусу Бекжан кызы Гүлайым педагогикалык чеберчиликтерин көрсөтүштү. Ошондой эле "ОшМУнун заманбап СӨАИ чебери" конкурсу да  болуп өттү. Бул сынак билим берүүнүн сапатын СӨАИни эффективдүү уюштуруу аркылуу жогорулатуу максатында уюштурулду. Натыйжада катышуучулар өз тажрыйбаларын демонстрациялап, СӨАИнин окутуудагы ордун, ролун студенттердин өз алдынча иштери - эксперименттери, долбоорлору жана макеттери менен далилдеп беришти. Кароо сынак окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү тарабынан  педагогикалык кызматкерлердин чыгармачыл ишмердигин өнүктүрүүгө, чыгармачыл активдүүлүктү жогорулатууга,  инновациялык иштелмелерди жана технологияларды колдоого, билим берүүчүлүк ишмердиктеги жетишкендиктерди стимулдаштыруу максатында уюштурулууда.

Фото галерея