ОшМУнун окутуучусу жана студенти Кытайда тажрыйбалары менен бөлүштү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучусу жана студенти Кытайда тажрыйбалары менен бөлүштү

Image

ОшМУнун искусство факультетинин дизайн кафедрасынын окутуучусу Назгүл Кеңешова жана  студент Айзирек Муратова Кытайдын  Пекин педагогикалык университетинин Дизайн институтунда тажрыйба алмашып келишти.
Алар аталган институтка академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында барышкан.  ОшМУдан барган  өкүлдөр "Курак" техникасы боюнча институттун студенттерине мастер класс өтүп беришкен. Айтымдарында мастер класс жогорку кызыктуу болуп, ага институттун деканы Гао Пын мырза өзү баш болуп катышкан.
Буга чейин Кытай тараптан мугалимдер жана студенттер ОшМУга келип улуттук кол өнөрчүлүк боюнча тажырыйба бөлүшүп, кыргыз кол өнөрчүлүгү менен таанышышкан. Анын алкагында алар Кытайда кыргыз улуттук кийимдеринин, оймо-чиймелеринин заманбап үлгүлөрүн иштеп чыгышкан.

.

Фото галерея