ЕАЭБ өлкөлөрүнүн интеграциялык долбоорлору үчүн жумушчуларды даярдоонун маанилүү маселелерин талкууланды

Башкы Жаңылыктар

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн интеграциялык долбоорлору үчүн жумушчуларды даярдоонун маанилүү маселелерин талкууланды

Image

Москвада "Жаңы чакырыктар жана квалификациялуу кадрлар менен технологиялык суверенитетти камсыз кылуу" деген аталыштагы эл аралык конференция болуп уюштурулду. Конференция Г.В.Плеханов атындагы Россиянын экономикалык университетинин Башкы санариптик мейкиндигинде өттү. 

Анда Кыргызстандан жана Россиянын ар кайсы аймактарынан келген Консорциумдун катышуучулары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн интеграциялык долбоорлору үчүн жумушчуларды даярдоонун маанилүү маселелерин талкуулашты.

Конференциянын жүрүшүндө жумушчуларды натыйжалуу окутууга тоскоолдуктарды жоюу жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн интеграциялык долбоорлору үчүн кадрдык инструменттерди иштеп чыгуу боюнча маселелер көтөрүлдү. Ошондой эле келечекте квалификациялуу кадрларга болгон муктаждыкты алдын-ала болжолдоо, жумушчуларды окутуу жана окутуу системасын өркүндөтүү жаатындагы алдыңкы тажрыйбаны аныктоо жана жайылтуу, ошондой эле кесиптик-техникалык билим берүү үчүн мугалимдерди жана жетекчи кадрларды даярдоо маселеси талкууланды.

Пленардык жыйында сөз сүйлөгөн Евразиялык кесиптик мектептер консорциумунун Координациялык кеңешинин төрагасы Вениамин Каганов талап кылынган квалификациядагы кадрлардын жетишсиздик көйгөйлөрүнө токтолду.

Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн ведомстволор аралык жана эл аралык кызматташуунун, мамлекеттин жана иш берүүчүлөрдүн биргелешкен аракеттеринин ролун баса белгиледи. Ошону менен бирге ал процесстин катышуучуларынын бекем эрки маанилүү экенин белгиледи.

Онлайн конференцияга ОшМУнун атынан орто кесиптик билим берүү департаментинин директору, доцент Мамажакып уулу Чыңгызбек катышты.

ОшМУнун жетекчилиги бул конференциянын жүрүшүндө сунушталган ОшМУнун, КЭУнун базасында Орусиянын колледждеринин филиалын ачуу демилгесин колдойт жана Консорциумга кирген ЖОЖдордун ортосундагы мындай кызматташуу билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана студенттердин жана мугалимдердин ортосундагы академиялык мобилдүүлүк,  тажрыйба алмашуусуна өбөлгө түзөт деп эсептейт. 

Мындай колледждер квалификациялуу адистерди даярдоону камсыз кылуу үчүн эки өлкөнүн эмгек рыногунун муктаждыктарына ылайыкталган билим берүү программаларын сунуштай алат деген ишенимин билдирет.

Иш-чара “Евразиялык кесиптик мектеп” Консорциуму жана  Евразия экономикалык комиссиясынын, Орусиянын Билим берүү министрлигинин, Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин, Россотрудничествонун, Палатанын Финансылык, өнөр жай жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин колдоосу, ачык гуманитардык институт Орусиянын соода жана өнөр жай министрлиги, Орусиянын орто мектептеринин директорлор союзу, Финансылык сабаттуулукту өнүктүрүү ассоциациясы менен биргеликте уюштурулду.

Фото галерея