ОшМУнун 10 студенти Батыш Чех университетинен билимин жогорулатып келди

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун 10 студенти Батыш Чех университетинен билимин жогорулатып келди

Image

ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин 10 студенти Чехиянын Пльзень шаарында жайгашкан Батыш Чех университетинде бир айлык окуудан өтүп келишти. ОшМУ менен чет өлкөлүк өнөктөш университеттер ортосундагы академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында студенттер Италия, Австрия жана Германияга да билим берүү сапарларын жасашты.

Студенттер Батыш Чех университетинде профессорлордун эл аралык мамилелер жана европалык интеграция маселелери боюнча лекцияларына жана семинарлары катышты. Пльзень шаарындагы дипломаттар жана эл аралык уюмдардын эксперттери менен уюштурулган жолугушууларга, талкууларга да катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Билим алуу менен катар Чехия, Германия жана Австриянын тарыхы жана маданияты менен таанышкан студенттер ОшМУга жана факультет жетекчилигине  ыраазычылык билдиришти.

ОшМУ менен Батыш Чех университетинин ортосунда 2017-жылы билим берүү, илим изилдөө, академиялык мобилдүүлүк багытында байланыштар түзүлүп, эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлган. Жыл сайын Батыш Чех университетинин студенттери ОшМУга келип билим алса, ОшМУнун студенттери Батыш Чех университетине барып билимин жогорулатып келишет.

Фото галерея