ОшМУда "Келечек муундун ХАБы" борбору ачылды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда "Келечек муундун ХАБы" борбору ачылды

Image

ОшМУнун 85 жылдык мааракесине катара окуу жайда "Келечек муундун ХАБы"  ("Next Generation HUB") борбору ачылды. Борбордун ачылуу аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Кытай Эл Республикасынын КРдеги элчиси Ду Дэвэнь, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Кытайдагы Jiangsu Huibo Robotics компаниясынын жетекчилери, чет өлкөлөрдөн келген коноктор катышты.

Jiangsu Huibo Robotics компаниясыны менен биргеликте ачылып жаткан борбор Азия аймагында жана Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген мамлекеттердеги эң биринчи лабораториялык борбор болуп саналат.  Бул борбор Кыргызстан үчүн гана эмес коңшу өлкөлөрдөгү робототехника тармагынын өнүгүүсүнө салым кошорун төрага  Акылбек Жапаров белгиледи.

ОшМУнун тарабынан бөлүнгөн 500 чарчы метр аянтчага компания тарабынан робототехникалар, керектелүүчү жабдуулар  алып келинди. Жалпы лабораториялык борборго 7 млн АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартылган.  

Борбордун алдында 2024-2025-окуу жылында  ОшМУнун математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун базасында Кытайдагы бир университет менен биргеликте мехатроника жана робототехника адистиги боюнча 1-курска бакалаврга студенттер кабыл алынат. Аны менен катар жеткинчектер жана мектеп окуучулары үчүн робототехника курстары ачылат. Роботехника адистигин аяктаган бүтүрүүчүлөрдү жергиликтүү жана эл аралык өндүрүш тармагында иш алып барган компанияларга жумушка орноштуруу да пландалган.

“Бул борбор биринчиден студенттердин билим алуусу үчүн окуу лаборатория болсо, экинчиден окуу-өндүрүштүк борборго айланат. Робототехникага кызыккан балдарыбызды кичинесинен  тартып ушул жерде курстарга катыштырып, тажрыйба топтотуп, андан кийин бакалавр баскычында билим алуусуна шарт түзгөн тажрыйбаны жасайлы деп жатабыз. "Келечек муундун ХАБы"   бүгүнкү күндө дүйнөнүн талабына туура келген заманбап борбор болуп калат деп ишенем”,-деди ректор Кудайберди Кожобеков.

Борбор  жасалма интеллект, робототехника, маалыматтык технологиялар боюнча билим, илим, практика айкалышкан, педагогдор, эксперттер, инженерлер, бизнесмендер жолугушкан, студенттер үчүн заманбап билим чөйрөсү болот.

2024-жылдын апрель айында Кытайдын Сучжоу шаарында Jiangsu Huibo Robotics  компаниясы менен ОшМУнун ортосунда эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлган.

 

 

 

 

 

Фото галерея