ОшМУнун 85 жылдык мааракесине арналган эл аралык форум жыйынтыкталды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун 85 жылдык мааракесине арналган эл аралык форум жыйынтыкталды

Image

 

ОшМУнун 85 жылдык мааракесине арналып уюштурулган “Бизнес, билим берүү, илим жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү: аймактарды өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана жолдору” аттуу эл аралык форум жыйынтыкталды.

Форумга Америка, Кытай, Япония, Чехия, Өзбекстан, Казакстан жана КМШ өлкөлөрүнөн жогорку окуу жайлардын ректорлору, компания директорлору, Ыйгарым укуктуу элчилер, Эл аралык фонддордун өкүлдөрү, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Кыргызстандагы 30дан ашуун жогорку окуу жайлардын ректорлору, 63 бизнес компаниялардын жетекчилери, массалык маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Форумдун панелдик сессиясы окуу жайдын Ак-Буура кампусунда уюштурулду. 

«Экономикалык чөйрөнү инновациялар жана заманбап технологиялар менен камсыз кылууга бизнести жана ЖОЖдордун илимий потенциалын интеграциялоо», “Университеттин чөйрөсү менен бизнес-чөйрөнүн   жана өндүрүштүн өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүгө мамлекеттик жана административдик колдоо көрсөтүү”, “Аймактардын экономикасын туруктуу  өнүктүрүүдөгү жаңы кадрларды даярдоодо университеттик коомчулук менен бизнестин интеграциясы”, “Бизнес, мамлекеттик бийлик, билим берүү жана илим интеграциясын илгерилетүүдө медианын таасири” деген аталыштардагы 4 панелдик сессия иш алып барды. 

Панелдик сессияда аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө таасир этүүчү илимий, бизнес-коомчулуктун, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын демилгелерин айкалыштыруу маселелери талкууланып, жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.

Мааракелик иш-чара А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондогу чоң программадагы шоу-концерт менен жыйынтыкталат.

Фото галерея