Минкаб башчысы Акылбек Жапаров Ош мамлекеттик университетинин студенттерине лекция окуду

Башкы Жаңылыктар

Минкаб башчысы Акылбек Жапаров Ош мамлекеттик университетинин студенттерине лекция окуду

Image

Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ош мамлекеттик университетинин студенттери үчүн меймандык лекциясын окуду. 

МинКаб башчысы студенттерге Университеттердин өнүгүүсүнүн 4 модели, окутуунун кредиттик технологиялары жана академиялык эркиндик туурасында кенен токтолду. 

«Министрлер Кабинетинин тапшырмасы менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан “Университет 4.0” билим берүү процессин өнүктүрүүнүн концептуалдык моделинин жаңы форматы иштелип чыкты. Ал университетти окутууга, изилдөөгө жана башкарууга инновациялык ыкмаларды камтыйт. Университет бир гана билим бербестен өзүнүн жайгашкан регионунун социалдык-экономикалык, маданий өнүгүшүүнө түз таасир этүүсү абзел»-деди ал. 

Минкаб башчысы ошондой эле студенттерге Бизнес, бийлик жана илимдин биргелешкен аракети, илим, билим менен экономиканын байланышы туурасында айтып берди.

Ошондой эле, МинКаб башчысы Акылбек Жапаров Ош шаарынын мектептеринин директорлору менен жыйын өткөрдү. Анда МинКаб башчысы келечек муунду тарбиялоо, билим берүү жаатындагы инновациялык технологиялар туурасында кенен маалымат берди. 

"Бизге келечекте окуучулар мектепти бүткөн соң, төрт тилде эркин сүйлөгөн, бир өнөрдүн ээси, мекенчил жана адептүү болушу үчүн биргеликте активдүү аракеттерди көрүү зарыл"-деди Акылбек Жапаров.

МинКаб башчысы, учурда жасалма интеллект бардык тармактарда атаандаштык жаратып жатканын, келечектеги муун анын "тилин жатка билиши" керектигин белгиледи.

Аны менен МинКаб Төрагасы, өлкө экономикасында жасалып жаткан реформалар туурасында кеп кылып, 2030-жылга чейин ИДПны 30 млрд долларга жеткирүү тапшырмасы коюлганын, анын 6-8 пайызы билим берүү тармагына жумшалаарын белгилеп, бул тармактын кызматкерлерине чоң ишеним артылып жатканын билдирди.

Маалымат булагы:
https://www.gov.kg

Фото галерея